Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 «Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 «Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларына болгон мамлекеттик муктаждыкты ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы 56-пункт менен толукталсын:
«56. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (макулдашуу боюнча).».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев