КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтому

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 70-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17˗беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015˗жылдын 27˗майындагы № 327 «Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:

˗ 15˗пунктта:

1˗пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«˗ этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым төлөө;»;

2˗пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

«˗ алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым төлөө;»;

˗ 16˗пунктундагы «эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү лицензиялык жыйым» деген сөздөр «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

˗ 19˗пунктунун 1˗пунктчасынын төртүнчү абзацындагы жана 2˗пунктчасынын бешинчи абзацындагы «лицензиялык жыйымды» деген сөздөр «мамлекеттик алымды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер˗министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу