Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 81-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев