КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 454 токтому

“Спорттук шаарчанын” объектилерин курууга жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу, дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү, Бишкек шаарында “Спорттук шаарчанын” объектилерин курууну ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагындагы Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси № 86/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 12 га жер участогун (идентификациялык номери 1-04-17-0015-0088) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектиге чектеш жана жакын жайгашкан 18 га жер участогун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги “Спорттук шаарчанын” объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди жүргүзүүнүн тапшырыкчысы болуп аныкталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу