Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн сунушталуучу калктуу конуштар жөнүндө маалымат топтоо боюнча форма, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев