КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 462 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Маданият мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы    № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун отуз экинчи жана отуз үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын аймагында туризм чөйрөсүндө иштеген  юридикалык жана жеке жактар тарабынан ченемдик укуктук актыларды сактоо маселелери боюнча маалыматтык, методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;

- туристтик объекттердин абалына, аларды туура пайдаланууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө мониторинг жүргүзөт;”.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                                         М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу