“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 “Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө”, Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы №1 “Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимдерин ишке ашыруу, ошондой эле кызматтык тартипти чыңдоо жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставына:
- 5-пункттун б) пунктчасы төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
“б) кызматкердин тартипти жана кызматтык милдеттерин аткаруу эрежелерин жана ага берилген укуктарын ишке ашырууну, ички иштер органынын (бөлүктүн) ички тартибинин эрежелерин, ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө кызматкер менен түзүлгөн контракттын шарттарын, формалык кийимди кийүүнүн эрежелерин сактоосу;”;
- 2-баптын аталышындагы “милдеттери” деген сөздөр “жана укуктары” деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттун “г” пунктчасындагы жана 7-пункттардагы “кызматтык жүрүм-турумга” деген сөздөр “кызматтык тартипке” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
>“6-1. Кызматкер төмөнкүлөргө укукту:а) кызматтык иликтөөнүн (текшерүү) корутундулары менен таанышууга;
б) ага карата тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн алууга.”;
- 12-пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
“12. Жетекчилерге (башчыларга) бериле турган тартиптик укуктар Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан белгиленген кызмат орундарды комплекттөөнүн номеклатурасцна ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумунун жетекчилеринин (башчыларынын) жана ушул Уставга (мындан ары – Тизме) ылайык кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоонун жана тартиптик таасир берүүнүн чараларын колдонуу боюнча тийиштүү тартиптик укуктардын тизмеси менен белгиленет. Башчы (командир), бул кызмат орду боюнча милдеттерин убактылуу аткарууда ошол кызмат боюнча тартиптик укуктарды колдонот.”;
- 15-пункт төмөндөгү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Буйрук ар түрдүү чечмелене турган туюндурмалар колдонулбастан так жана туура түзүлүшү керек.”;
- 19 жана 20-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы в) пунктчасы менен толукталсын:
“в) бөлүктүн күжүрмөн туусунун жанынан сүрөткө түшүү.”;
- 38-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“52. Тартиптик жазасы бар кызматкер, ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү жана ак ниеттүүлүк менен кызматтык милдетин аткаргандыгы үчүн бул Уставдын 53-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө мурда алган тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен сыйланат.”;
- 65-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 76-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Чечим менен тартиптик жаза берилген кызматкердин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясынын же ички иштер органдарынын ыкчам кеңешмесинин жүрүшүндө берген түшүндүрмөсү протоколго киргизилет же андан жазуу түрүндө түшүнүк алынат.”;
- 77-79-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“77. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу чыгарылат же кызматтык жазасынын бар экендигин эске алуу менен кызматтык текшерүүнүн маалым каты жазылат, андан кийин аны дайындаган башчы (командир) тарабынан бекитилет.
Кызматтык текшерүүнүн маалым каты мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулгандыгы такталбаган учурларда жазылат.”;
78. Кызматкердин тартиптик жорук жасаган фактысы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу же кызматтык текшерүү жөнүндө маалым кат Тизмеге ылайык тартиптик жаза берүү укугуна ээ болгон башчыга (командирге) берилет.
- 79. Кызматкердин кызматта жок болгон убактысына карабастан, кызматкерге тартиптик жаза берүү жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде, же болбосо кызматкердин иштеген жери боюнча аймактык ички иштер органына (бөлүгүнө) буйруктун көчүрмөсү түшкөн күнү буйруктун көчүрмөсүнө кол коюу менен тааныштырылат.»;
- 81-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«81. Кызматтык тартип жазасы жөнүндөгү буйруктун, кызматтык иликтөөнүн корутундунун же кызматтык текшерүүнүн маалым каттын көчүрмөлөрүн кийинкиге калтырбастан же буйрукка кол коюлган күндөн үч жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, тиешелүү кадрлар бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.»;
- 82-пунктуда:
“текшерүү жүргүзүлгөн адамга анын жыйынтыгын жеткирүүгө,” деген сөздөр алып салынсын;
“ошол ишти жүргүзгөн» деген сөздөр «кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 83-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнү (текшерүүнү) Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыйгарым укуктуу тергөө кызматкери гана жүргүзө алат.
Процесстик ишмердүүлүгүнө байланышпаган тартиптик жоруктар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү (текшерүүлөдү) түздөн-түз тергөө бөлүктөрүнүн жетекчилигинин катышуусу менен жүзөгө ашырылат.”;
- 89-пункту “угуучуларга,” деген сөздөн кийин “магистранттарды,” деген сөз менен толукталсын;
- 94-пунктундагы “88-89-пункттардын "а", "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн тартиптик жазалардын түрлөрү оозеки формада жарыяланышы мүмкүн.” деген сөздөр алып салынсын;
- 100-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“100. Эгерде, башчы (командир) тарабынан тартиптик укуктарынан аша чаап кызматкерге тартиптик жазаны бере турган болсо, ал кызматкер андан жогору кызмат орунда турган башчыга (командирге) кайрылууга укуктуу.”;
- 6-бап төмөнкүдөй мазмундагы 105-1-пункту менен толукталсын:
“105-1. Кызматкер тарабынан тартиптик жоруктарды жасаган учурда анын мурдагы кызмат ордунан бошотуп аны төмөндөтүү жазасы болуп жана ал жазасы алына элек болсо анда ушул Уставдын 102-пунктунда белгиленгендерден башка учурларда төмөндөгү тартиптик жаза сунушталган, бул Уставдын 88-89-пункутунда жеңил тартиптик жазадан оор тартиптик жазага чейин каралган.”;
113-пунктундагы “угуучулар, докторанттар,” деген сөздөр алып салынсын;
“курсанттар” деген сөздөн кийин “жана” деген сөз менен толукталсын;
“адьюнкттар” деген сөздөн кийин “күндүзгү билим алуу формасы,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 120-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
- “120. Жогору кызмат орунда турган башчы (командир) өзүнөн төмөн кызмат орунда турган башчынын (командирдин) берген тартиптик жазасын өзгөртүүгө, эгерде кызматкердин жасаган тартиптик жоругунун оордугуна ылайык келбеген учурда, ал жеӊилдетилип берилген болсо,анда андан катуу тартиптик жаза берүүгө, же болбосо негизсиз берилгендиги катары аны жеӊилдетип же алып салууга укуктуу. ”
- 124,133,148 пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 152-1-пункту төмөнкүдөй мазмун менен толукталсын:
“152-1. Эгерде кызматкер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тартиптик комиссиясынын чечимине макул болбосо, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тартиптик комиссиянын чечими менен таанышып кол коюп алган күндөн тартып бир айлык мөөнөт ичинде соттук тартипте даттанууга укуктуу.”;
- 154-пунктундагы “милдеттүү” деген сөз “укуктуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогорудагы аталган токтом менен бекителген ички иштер органдарынын тартиптик уставынын тиркемеси ушул токтом тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев