КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 488 токтому

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 17 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-февралындагы № 9-т токтомун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын № 221 контурунда жайгашкан 0,80 га кайрак айдоо жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына ичүүчү суу резервуар куруу үчүн которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад  облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер – министр                                                        М.Д. Абылга

Тиркемелер

Басып чыгаруу