Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү жакшыртуу, педагогикалык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү жана материалдык жактан дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн негизинде эмгек акы төлөө шарттары сакталсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү, 1-тиркемеге ылайык;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык;
3) мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарындагы ийримдердин жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкаларынын өлчөмү, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык;
4) баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын жана жогорку кесиптик, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарынын өлчөмү, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык;
5) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин жана интернат мектептердин, балдар үйлөрүнүн), мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү, 7-12-тиркемелерге ылайык;
6) Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, облустук билим берүү институттарынын жана облустук окуу-методикалык билим берүү борборлорунун жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү, 13-тиркемеге ылайык;
7) билим берүү уюмдарынын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын айрым категориядагы кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү, 14 жана 15-тиркемелерге ылайык;
8) билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы борборлоштурулган бухгалтериялардын жана окуу-методикалык кабинеттердин жана Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин алдындагы Өзбек тилинде окуткан мектептер үчүн окуу китептерин, программаларды, окуу-методикалык адабияттарды которуу, түзүү борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү, 16-18-тиркемелерге ылайык;
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дем берүүчү эмгек акы фондун түзсүн:
жалпы билим берүүчү уюмдарында – окуучулардын санына жана бюджеттик каржылоонун стандартына жараша аны жабуу ченемин эске алуу менен эсептелген эмгек акы фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө;
мамлекеттик кесиптик лицейлерде – окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө.
4. Педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамы, бийик тоолуу жана алыскы шартта иштегендиги, квалификациялык категориясы, ошондой эле өзгөчө иш шарттары үчүн кошумча төлөөлөр жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
5. Тийиштүү предметтер боюнча мугалимдер жана окутуучулар болбогон учурда жетекчилерге мугалимдик ишти аткарууга (сабак өтүүгө) уруксат берилсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында – жумасына 22 сааттан ашык эмес;
2) жалпы билим берүү жана мектептен тышкары уюмдарында, баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында, балдар үйлөрүндө – жумасына 12 сааттан ашык эмес;
3) орто кесиптик билим берүү уюмдарында – окуу жылында 480 сааттан ашык эмес;
4) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында – кызмат орду боюнча тийиштүү кызматтык маянасынын 0,5 ставкасынан ашык эмес.
Жалпы билим берүү уюмдарында 0,75,0,5 жана 0,25 ставкада иштеп жаткан директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына, балдар менен класстан тышкары жана мектептен тышкары иштерди уюштуруучуларга жумасына 17, 22 жана 26 саатка чейин окуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
6. Жалпы билим берүү уюмдарындагы социалдык педагогдорго уруксат берилсин:
- тийиштүү предметтер боюнча мугалимдер, окутуучулар жок болгон учурда ошол предметтерди жумасына 12 сааттан ашырбай окутууга (сабак өтүүгө);
- 0,75, 0,5 жана 0,25 ставкада иштегендерге 17, 22 жана 26 саатка чейин окутуу иштерин жүргүзүүгө.
7. Жалпы билим берүү уюмдарындагы жетекчилерге жана социалдык педагогдорго окутуу иштерине сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн пропорциялуу төлөнөт.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 19-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 1-главада:
1-пунктундагы “эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтому менен аныкталган” деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-18-тиркемелерине ылайык аныкталган” деген сөздөр “билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-главада:
5.1.-пунктундагы:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
Орто кесиптик педагогикалык билим | Жогорку педагогикалык билим | |
Бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен | |
78 | 87,8 | 97,5 |
”;
эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер апробацияланган класстарда сабак берген мугалимдин сааттык ишинин наркын аныктоодо мугалимдин тийиштүү билимине жараша бир сааттык ставкасынан 2 коэффициент колдонулат. Бул эреже сабакка даярдануу, лабораториялык жана практикалык иштерге даярдык, жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүүгө жайылтылат.”;
5.2-пунктундагы таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
Орто кесиптик педагогикалык билим | Жогорку педагогикалык билим | |
Бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен | |
39 | 43,9 | 48,8 |
”;
5.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5.4. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби
1) Педагог кызматкерлерге эмгек акынын ставкасы төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
- мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларына – жумасына 20 сааттык окутуу ишине;
- орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына – жылына 720 сааттык окутуу ишине.
Эгерде окутуучунун жумалык (жылдык) окутуу (педагогикалык) жүгү ушул пункттун жогорудагы көрсөтүлгөн абзацтар менен аныкталгандан көп же аз болсо, анда эмгек акы тийиштүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.
Мисал.
Бишкек шаардык пионерлер үйүнүн жогорку билимдүү окутуучусунда 22 сааттык көлөмдөгү жумалык жүгү бар.
Педагогикалык иш үчүн бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
8250 сом х 22 саат : 20 саат = 9075 сом.
2-мисал.
Бишкек техникалык колледжинин жогорку билимдүү окутуучусунда 648 сааттык көлөмдөгү жылдык жүгү бар.
Окутуучулук иш үчүн бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
5500 сом х 648 саат : 720 = 4950 сом.
2) Кызматтык маяна төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
- жумасына 40 сааттык иш үчүн – баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында өндүрүштүк окутуу устаттарына;
- окуу жылдагы 850 сааттык окутуу иши үчүн – улук (илимий даражасы жок) окутуучуларга жана окутуучуларга (ассистенттерге); 800 саат – улук (илимий даражасы бар) окутуучуларга жана доценттерге; 750 саат – профессорлорго.
Педагогикалык кызматкерлердин арасында сабак өтүү (окутуу) жүгү окуу планы боюнча сааттардын санына, ошол окуу жайынын педагогикалык кадрлар менен камсыз болушуна жана башка шарттарга жараша бөлүштүрүлөт.
Айрым сабактар боюнча мугалимдер жетишпегенде, жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин сабак өтүү жүгү жумасына 31 саатка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Мында даярдануу жана башка иштерге жумуш убактысын сарптоону эске алганда, мугалимдин максимумдук иш жүгү жумасына 49 сааттан ашпоого тийиш.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына максимумдук иш жүгү жумасына 62 сааттан, бардык типтеги жана аталыштагы балдар үйлөрүнүн жана интернат мектептеринин тарбиячыларына – жумасына 52 сааттан, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларына – жумасына 41 сааттан, кесиптик орто билим берүү уюмдарынын окутуучуларына – окуу жылында 1240 сааттан ашпоого тийиш.
Алмашуу иретинде мугалим өткөргөн сабактын акысы мугалимдин билимине ылайык саат ставкасы боюнча төлөнөт.
Мисал.
Жогорку билими бар мугалим алмашуу иретинде 36 сааттык сабак өткөрдү. Анын эмгек акысы: 36 х 45 сом = 1620 сомду түзөт.
Сабактарды алмашуу үчүн акы төлөө 2 айдан (мугалим декреттик өргүүдө болгондо 4 айдан) ашпайт.
Жаңы окуу жылына сабактардын жүгүн бөлүштүрүү укугу мектептин кесиптик бирлик уюму менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун директорунда болот.
Гимназия класстарда мугалимдердин, тарбиячылардын саат боюнча эмгек акысынын өлчөмү, мектеп-гимназиялардын (интернат-гимназиялардын) жетекчилеринин жана мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлердин), кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын кызматтык маяналары билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын саатына төлөнүүчү эмгек акысынын жана жетекчилеринин, өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын өлчөмүнөн тийиштүү түрдө 1,15 жана 1,20 коэффициент менен төлөнөт.
Жалпы билим берүү уюмдарындагы ийримдердин жетекчилеринин жана сабактан тышкаркы дене тарбия мугалимдеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү (жумасына 20 саат сабак өтүү иш ставкасы үчүн) билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленет.
Мында аларга сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн окутуу ишине пропорциялуу акы төлөнбөйт.
Мугалимдин окуучуларды үйүнө барып жекече окуткандыгы үчүн эмгек акы билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жумасына I-IV класстарда – 6 саат, V класста – 8 саат, VI класста – 8,5 саат, VII-Х класстарда – 9 саат, XI класста – 10 саат окутуу ишин эсептөө менен төлөнөт.
Мында аларга сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн окутуу ишине пропорциялуу акы төлөнөт.
Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкаларынын, жетекчилеринин жана айрым категориядагы кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкаларынын, жетекчилеринин жана айрым категориядагы кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүнүн 1,8 коэффициенти менен белгиленет.
Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 “Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-тиркемелеринде аныкталган техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарынын өлчөмүнүн 1,8 коэффициенти менен белгиленет.
Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча ишке тартылган эксперттин сааттык эмгек акысынын өлчөмү жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн деңгээлинде белгиленет.”.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо методикасында:
- 3-главасынын:
9-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген” деген сөздөр алып салынсын;
10-пунктунун алтынчы абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык” деген сөздөр алып салынсын;
11-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык” деген сөздөр алып салынсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 12 жана 14-тиркемелери 20 жана 21-тиркемелерге ылайык редакцияда баяндалсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 2-главасынын 61-пунктундагы “3,85” деген цифралар “4,72” деген цифралар менен алмаштырылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
22-ноябрындагы № 545 “Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоонун методикасында:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченеми билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эсептелет.”.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2019-жылга карата республикалык бюджетте билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө кошумча акча каражатын караштырсын;
- “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.
15. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 10-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 628 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 “Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 708 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 404 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 593 “Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун маселелери жөнүндө” токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648 “Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 464 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 “Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 204 “Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.
16. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына карата колдонулбайт.
17. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
18. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
19. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
1-тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына төлөнүүчү эмгек акынын
ӨЛЧӨМҮ
Кызматтын аталышы | Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен | ||
орто кесиптик педагогикалык билим | жогорку педагогикалык билим | ||
бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен | ||
Мугалим, окутуучу | 78 | 87,8 | 97,5 |
Эскертүү.
1. Жалпы орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин бир сааттык наркын аныктоодо орто кесиптик педагогикалык билими бар мугалимдин (окутуучунун) сааттык ставкасынын 0,7 коэффициенти колдонулат.
2. Мугалимдин (окутуучунун) даярдануу ишинин бир сааттык наркын аныктоодо тийиштүү билими бар мугалимдин (окутуучунун) сааттык ставкасынын 1,0 коэффициенти, сабактан тышкаркы жана чеберчиликти жогорулатуу ишине - 0,5 коэффициент колдонулат.
3. Балдар үйлөрүндөгү жана атайын интернат мектептериндеги мугалимдин, баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын адистештирилген (реабилитациялык) топторундагы окутуучунун бир сааттык окутуучулук, даярдануу, сабактан тышкаркы жана чеберчиликти жогорулатуу ишине акы төлөө 25 пайызга жогорулатылат.
4. Интернат мектептериндеги мугалимдин бир сааттык окутуучулук, даярдануу, сабактан тышкаркы жана адистигин жогорулатуу ишине акы төлөө 10 пайызга жогорулатылат.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын атайын сабактарды окуткан мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын атайын сабактарды окуткан окутуучуларына саатына төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү жалпы билим берүү мектептеринин тийиштүү билим деңгээли (орто кесиптик педагогикалык билими - орто кесиптик билими; бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билими - бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими; адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билими - адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими) бар мугалимдерине саатына төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмүнүн деңгээлинде белгиленет.
6. Башталгыч класстарда сабак берген мугалимдин бир сааттык ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билими бар жогорку класстардын мугалиминин бир сааттык ставкасынын 1,2 коэффициенти колдонулат.
7. Жалпы билим берүү уюмдарынын илимдин кандидаты (доктору) илимий даражасы бар мугалимдерине саатына төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү жалпы билим берүү уюмдарынын магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билими бар мугалимдерине (окутуучуларына) саатына төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмүнүн деңгээлинде белгиленет.
8. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер апробацияланып жаткан класстарда сабак өтүүчү мугалимдин бир сааттык наркын аныктоодо тийиштүү билими бар мугалимдин 2 сааттык ставкасынын коэффициенти колдонулат. Аталган эреже сабактарга, лабораториялык жана практикалык иштерге даярдануу, жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүү боюнча мугалимдин иши үчүн да колдонулат.
9. Кол жазмаларды жана даяр окуу китептерин бекиткенге жана нускалоого чейин экспертизалоо үчүн тартылуучу эксперттерине саатына төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү 195 (жүз токсон беш) сом өлчөмүндө белгиленет.
2-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн
ӨЛЧӨМҮ
№ | Кызматтын аталышы | Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен | ||
орто кесиптик педагогикалык билим | жогорку педагогикалык билим | |||
бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | магистр/адис квалификациясын ыйгаруу менен | |||
1 | Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы | 74,9 | 81,9 | 88,9 |
2 | Бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин жана балдар үйлөрүнүн тарбиячылары | 64,2 | 71 | 76 |
Эскертүү.
1. Жалпы орто билими бар тарбиячынын бир сааттык окутуучулук ишинин наркын аныктоодо орто кесиптик педагогикалык билими бар тарбиячынын сааттык ставкасынын 0,7 коэффициенти колдонулат.
2. Балдар үйлөрүндө жана атайын интернат мектептеринде бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө 25 пайызга жогорулатылат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын ставкасы жумасына 36 сааттык иш үчүн, бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринде жана балдар үйлөрүндө - жумасына 30 сааттык иш үчүн белгиленген.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин улук тарбиячысынын бир сааттык ишине акы төлөө тийиштүү билим деңгээли бар тарбиячынын бир сааттык ишине акы төлөөдөн 10 пайызга жогорулатылат.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын орус тилдүү мектепке чейинки топтору үчүн кыргыз тили мугалимдерине, кыргыз-орус тилдүү топтору үчүн орус тили мугалимдерине саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын башталгыч класстарынын мугалимдерине саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмүнүн деңгээлинде белгиленет.
3-тиркеме |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарындагы ийримдердин окутуучуларынын ставкаларынын
ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 649 токтому менен киргизилген өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилди.
Кызматтын аталышы | Окутуучунун ставкасынын өлчөмү, сом менен | ||
кесиптик орто билими бар | жогорку билими бар | ||
бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен | ||
Ийримдин окутуучусу | 9750 | 10725 | 11700 |
Эскертүү.
1. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасы жумасына 20 сааттык окуу иши үчүн белгиленген.
2. Жалпы орто билими бар окутуучулардын ставкасынын өлчөмүн аныктоодо орто кесиптик билими бар окутуучулардын ставкасынын өлчөмүнүн 0,7 коэффициенти колдонулат.
3. Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкасынын өлчөмү ийримдердин тийиштүү билими бар окутуучуларынын ставкасынын 1,8 коэффициенти менен белгиленет.
4-тиркеме |
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкаларынын
ӨЛЧӨМҮ
Кызматтын аталышы | Окутуучунун ставкасынын өлчөмү, сом менен | ||
орто кесиптик билими бар | жогорку педагогикалык билими бар | ||
бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен | ||
Окутуучу | 6500 | 7150 | 7800 |
Эскертүү.
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасы окуу жылындагы 720 сааттык окуу иши үчүн белгиленген.
Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Семен Афанасьевич Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет.
5-тиркеме |
Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ
Кызматтын аталышы | Устаттын кызматтык маянасынын өлчөмү, сом менен | |||
баштапкы кесиптик билими бар | орто кесиптик билими бар | жогорку педагогикалык билими бар | ||
бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен | |||
Өндүрүштүк окутуу устаты | 8385 | 8775 | 9360 | 10725 |
Эскертүү.
1. Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маянасы жумасына 40 сааттык иш үчүн белгиленет.
2. Өндүрүштүк окутуу мезгилинде окуу топторунун толукталышы 12-15 адам санында белгиленет.
3. Адистештирилген реабилитациялык топтордо (ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген балдар, кароосуз калган балдар) жана түзөтүү мекемелериндеги балдар менен иштөөдө өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналары 6 адамдан кем эмес толукталган окуу топторундагы иш үчүн белгиленет.
4. Адистештирилген реабилитациялоочу топтордо иштеген өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналары 25 пайызга жогорулатылат.
6-тиркеме |
Жогорку кесиптик, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 649 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызматтын аталышы | Билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяна
|