2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,05 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2019-жылдын 1-октябрынан тартып 1,05 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4283 (төрт миң эки жүз сексен үч) сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 (эки жүз) сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4283 (төрт миң эки жүз сексен үч) сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 320 (үч жүз жыйырма) сомдон кем эмес индексацияласын;
- пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев