КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 485 токтому

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (транформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 3/7-1632 корутундусун, Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 22-майындагы № 44 чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конститциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан 102,0 га сугат айдоо жерлери, анын ичинен, № 324 контурундагы 26,0 га жана № 358 контурундагы 76,0 га жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына, калктуу конушту кеӊейтүү үчүн которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясы камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктундагы жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер- министр                                                       М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу