2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги афган тарабына Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев