КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 662-токтому

Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар боюнча эсептөөлөрдүн, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө

Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салыктык эмес кирешелерди башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24 жана 46-главаларына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөлөрдүн формасы (FORM STI - 158),  1-тиркемеге ылайык;

- Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартиби  (FORM STI - 158), 2-тиркемеге ылайык;

- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттун формасы  (FORM STI - 157), 3-тиркемеге ылайык;

- Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби (FORM STI - 157), 4-тиркемеге ылайык.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев