КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 527 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 673 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим  берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын  уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мектептерди аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 673 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын  уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  жана муниципалдык  жалпы  билим  берүүчү мектептеринде окуучулардын  тамак-ашын  уюштуруу жөнүндө  жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Ысык тамак жана нан азыктарын өз алдынча бышыруу уюштурулуучу жалпы билим берүүчү мектептердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.”;

- 5-пунктта:

экинчи абзацы “жалпы” деген сөздөн мурда “сүт (200 г) жана булочка берилүүчү” деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык тамак-аш азыктарын сатып алууну уюштурат, атап айтканда сүт жана нан-булочка азыктарын (аларды алмаштыруучуларды) берүүчүлөрдү Бажы бирлигинин “Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу” (ББ 033/2013 ТР) жана “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу”  (ББ 021/2011 ТР)  техникалык регламенттерине ылайык аныктайт;”;

тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынын бекитилген № ОШ-1 статистикалык отчетун мектептер туура түзгөндүгүн контролдойт.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн  өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                   М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу