Бишкек шаары, 11-кичирайон, № 10/1 дареги боюнча жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү деңгээлде мектепке чейинки билим берүү системасын натыйжалуу иштетүү жана аны өнүктүрүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 12-августундагы № 87 “Мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыкчам башкаруусундагы Бишкек шаары, 11-кичирайон, № 10/1 дареги боюнча жайгашкан 0,42 га аянттагы жанаша жер участогу менен жалпы аянты 1064,8 кв. м болгон мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын (мындан ары – объект) билим берүү максатында пайдалануу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өткөрүлүп берилүүчү объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана анын сактыгын камсыздоо;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
- объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кыймылсыз мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |