Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 «Жолдо жүрүү
эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы ченемдерди жана таанытуу белгилерин киргизүү, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүлүштөрүнүн кызматкерлерине мүнөздүү болбогон функцияларды аткарууну четтетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 «Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги текстинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө»;
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы «Жолдо жүрүүнүн» деген сөздөр «Жол кыймылынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы «жолдо жүрүүнүн» деген сөздөр «жол кыймылынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- бүткүл тексти боюнча «МАИ» деген аббревиатура тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги 1.1-пунктундагы «Жолдо жүрүү» деген сөздөр «Жол кыймылынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.1.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2.1.1. Транспорт каражатын токтотууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө:
- айдоочулук күбөлүктү;
- транспорт каражатынын каттоо документтерин;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы.
Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерине ылайык лицензияны жана документтерди алып жүрүүгө жана автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине текшерүү үчүн берүүгө.»;
- 8.5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8.5. Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу 2.4 же 2.5 белгилери менен айкалышкан 4.3 белгиси орнотулган айланма кыймылы уюштурулган кесилишке чыгууда бурулган учурдан тышкары, ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү – транспорт каражатынын айдоочусу ушул кесилиш боюнча жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.»;
- 22.8-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- 12 жашка чейинки курактагы балдарды эсептебегенде, транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө каралгандан ашык санда.
Адамдарды ташууда транспорт каражатынын иш жүзүндөгү массасы аны чыгарган ишкана белгилеген, уруксат берилген максималдуу массанын чоңдугунан ашпоого тийиш.»;
- 22-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 22.9-пункт менен толукталсын:
«22.9. 12 жашка чейинки курактагы балдарды төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынат:
- мотоциклдин арткы отургучунда;
- борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
- баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда.
Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 1 жана 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордо:
мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- «Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери»;
1-пунктундагы «беш сутканын» деген сөздөр «10 жумуш күндүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
- он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«Жаңыдан баштаган айдоочу» – бийиктиги 110 мм болгон кара түстөгү илеп белгисинин сүрөтү менен сары түстөгү чарчы түрүндө (жактары 150 мм) – стажы 2 жылдан аз болгон айдоочулар башкаруучу механикалык транспорт каражаттарынын (тракторлордон, өзү жүрүүчү машиналардан, мотоциклдерден жана мопеддерден тышкары) артында:
«Жаңыдан баштаган айдоочу»;
«Таксомотор (такси)» – таксомотордук ташуу уруксат берилген механикалык транспорт каражатында жана (же) механикалык транспорт каражатынын чатырында орнотулуучу таанытуу фонарында – шахмат тартибинде эки же андан көп катарда жайгаштырылган кара-ак түстөгү беш же андан ашык чарчылардан (жактары 23 ммден кем эмес) турган композиция. «Такси» жазуусун транспорт каражатынын кузовунда (кабинасында) жана (же) таанытуу фонарында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазууга жол берилет:
Такси, такси, taxi»;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) № 8 тиркемесинин талаптарына жооп бербеген транспорт каражаттары.».
Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордун 1-тиркемесинде «Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттенмелеринин негизги жобосунун 1-тиркемеси» деген сөздөр «Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 1-тиркемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордун 2-тиркемесиндеги «2-тиркеме 19433-74 ГОСТу» деген сөздөр «Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин 2-тиркемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболордун 3-тиркемесинде:
- «3-тиркеме» деген сөздөр «Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболордун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин
3-тиркемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.3-пунктундагы «(KGZ)» деген аббревиатура «(KG)» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 1.9-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын ИИМнин МАИ Башкармалыгы» деген сөздөр «ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жол кыймылынын катышуучуларынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев