КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 523 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 “Бишкек”, “Каракол”, “Лейлек”, “Маймак” жана “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өндүрүлгөн товарлардын экспортко багытталышы үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 “Бишкек”, “Каракол”, “Лейлек”, “Маймак” жана “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна  төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жобонун 33-пунктунун экинчи абзацындагы “0” деген цифра “30” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                        М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу