КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 471 токтому

2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган,
 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарапка аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                          М.Д.Абылгазиев