Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу
Мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн, кайрадан уюштуруунун жана жоюунун бирдиктүү ченемин белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу – он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“- мамлекеттик ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
- мамлекеттик ишкананын жылдык бюджетин, мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётун бекитүү;
- республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишкананын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
- мамлекеттик ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
- мамлекеттик ишкананын директоруна жана анын орун басарына акы төлөө тартибин бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын типтүү уставын бекитүү”.
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу – отузунчу абзацтар менен толукталсын:
“- мамлекеттик ишканага тиешелүү мүлктүн сакталышын жана өз багыты боюнча колдонулушун контролдоо максатында ишкананын аймагына келүүгө жана текшерүү жүргүзүүгө жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүү;
- мамлекеттик ишканаларда ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу.”;
12-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Фонддо 7 адамдан турган Фонддун коллегиясы түзүлөт, анын курамына кызматы боюнча Фонддун төрагасы (коллегиянын төрагасы), статс-катчысы, орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.”.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдар алты айлык мөөнөттө:
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын уставдарын ушул токтомго шайкеш келтирүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалар тарабынын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын директорунун кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды бекитишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд алты айлык мөөнөттө:
- мамлекеттик ишканаларда башкаруучу кадрлардын резервин түзсүн;
- ар бир мамлекеттик ишкана үчүн директордун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитсин;
- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасына ылайык мамлекеттик ишканалардын директорлору менен эмгек келишимдерин түзүүнү камсыз кылсын.
5. 2021-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик ишканаларды түзүүгө мораторий киргизилсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2, 3-пункттары жана 4-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 3 жана 7-пункттары.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев