Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 27-январындагы № 55 “Жерди пайдаланууга (жүргүзүүгө) укук (өзгөртүүгө уруксат) берүү жөнүндө өтүнүчтү козгоо жана кароо тартиби тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 660 “Кыргыз Республикасынын жер фондунун категорияларындагы жер участокторун кадастрлык баалоо боюнча жобону бекитүү тууралуу” токтому.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев