КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салган механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу