КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 токтому

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин  3-бөлүгүнө, ошондой эле “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө убактылуу жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом 2022-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу