КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 13-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктунун экинчи абзацындагы “жана берүү” деген сөздөр алып  салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш  күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                М.Д.Абылгазиев