КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 721 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин мамлекеттик тилдеги текстин расмий тилдеги текст менен шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

  1.      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:

  • мамлекеттик тилдеги текстинде:

          6-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 261- пункт менен толукталсын:

“261. Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, каттоочу кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоону дароо жана бул адамга алдын ала кабарлоосуз тоңдурууга милдеттүү.

Мында жергиликтүү каттоо органы тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоо белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылган учурда жүзөгө ашырылат.”; 

- 271- пункту күчүн жоготту деп таанылсын

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу