Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдык базалык ставка 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициенттер, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чин үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына төмөнкүлөрдүн төлөнө тургандыгы:
- өргүүгө чыгууда – ден соолугун чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маянасына пайыздык кошумча акы;
- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө пайыздык кошумча акы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген стажы үчүн кызматтык маянасына пайыздык кошумча акы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн кызматтык маянасына кошумча акы.
2) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына квартал сайын сый акы берүүгө төрт айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражат жумшалаары.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев