КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-январындагы № 1 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он бешинчи абзацтар менен толукталсын:

“- ченемдик укуктук актыларды тариздөө жана Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына берүү тартибин; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы) жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманы;

- пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелерин;

- пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө тартибин.”; 

- 10-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияга шайкештиги жана берилген шайкештик тастыктамалары жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин.”;

- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу - отуз алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“- конкурска чыгарылууга тийиш болгон жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин;

- Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону;

- пайдалуу кендерди эсептен чыгаруунун тартибин;

- Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусуна геологиялык отчетторду, географиясына байланыштыруу менен сынамык маалыматтар базасын берүү формасын;

- Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун жайларында геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөө тартибин;

- жер астындагы сууларды каттоо жана мамлекеттик эсепке коюу тартибин;

- жер казыналарын коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында техникалык долбоорлорго экспертиза жүргүзүү жана корутундуну тариздөө тартибин;

- көз карандысыз эксперттерди аттестациялоонун, экспертизаларды жүргүзүүнүн жана корутундуну тариздөөнүн тартибин.”;

- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

“- жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

“32. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, пенсияны индексациялоо тартибин бекитүү боюнча.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу