Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесин, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, сегизинчи, тогузунчу жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
“32. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген төмөнкү акциздик товарларга акциздик салыктын төмөнкүдөй ставкалары белгиленсин:
Акциздик продукциянын түрү | Акциздин ставкасы | ||||
Ушул токтом күчүнө кирген учур - 2019-жылдын 31-декабры | 2020-жылдын 1-январы -31-декабры | 2021-жылдын 1-январы -31-декабры | 2022-жылдын 1-январы -31-декабры | 2023-жылдын 1-январ -31-декабры | |
ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак | 80 сом/ литр | 100 сом/ литр | 120 сом/ литр | 140 сом/ литр | 160 сом/ литр |
ТЭИ ТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери | 80 сом/ литр | 100 сом/ литр | 120 сом/ литр | 140 сом/ литр | 160 сом/ литр |
ТЭИ ТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 80 сом/ литр | 100 сом/ литр | 120 сом/ литр | 140 сом/ литр | 160 сом/ литр |
ТЭИ ТН 220890 товардык позициясында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер | 200 сом/ литр | ||||
ТЭИ ТН 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 товардык позицияларында классификациялануучу коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 60 сом/ литр | 70 сом/ литр | 80 сом/ литр | 90 сом/ литр | 100 сом/ литр |
Арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтүү ичимдиктерди, күчтүү ширелерди, бальзам, шарап чыгаруу үчүн товар өндүрүүчү берген же товар өндүрүүчүлөр импорттогондордон башка, денатурланбаган этил спирти, денатурланган, ар кандай концентрациядагы этил спирти жана башка спирттик тундурмалар, алардын буларды өндүрүү укугуна лицензиясы болсо жана атайын керектөөчүлөргө ТЭИ ТН 2207 товардык позицияларында классификацияланган ченемдердин чегинде | 80 сом/ литр | 100 сом/ литр | 120 сом/ литр | 140 сом/ литр | 160 сом/ литр |
“;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Түрү жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча акциздик продукцияны маркалоо акциздик маркаларды берүү тууралуу салык кызматы органынын чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.”;
- Жобонун №1 тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Жобонун №2 тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 “Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил | Ушул токтом күчүнө кирген учур - 2019-жылдын 31-декабры | 2020-жылдын 1-январы -31-декабры | 2021-жылдын 1-январы -31-декабры | 2022-жылдын 1-январы -31-декабры | 2023-жылдын 1-январы -31-декабры |
Дүң, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн | 92 | 103 | 114 | 125 | 136 |
Чекене, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн | 101 | 112 | 123 | 134 | 145 |
“.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев