КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 «Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:

- 1.2-пункту «(мындан ары - банктар)» деген сөздөрдөн кийин
 «, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.1-пункту «Банктар» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2.2. Жаңыдан түзүлгөн банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар, «өткөөл» банктан башкалар Депозиттерди коргоо фондусуна жаңыдан түзүлгөн банктар, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу микрофинансылык компаниялар, тиешелүү түрдө турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы өлчөмүндөгү суммада кириш төгүмүн төлөөгө тийиш. Банк кириш төгүмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки, микрофинансылык компания – лицензиясында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна чектөөлөр алынганга чейинки, ал эми турак жай-сактык кредиттик компания – айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейинки мезгилде төлөөгө тийиш. Банкты реструктуризациялоонун жүрүшүндө түзүлүүчү «өткөөл» банк кириш төгүмүн төлөөдөн бошотулат.»;

- 2.3-пункту «банктардан» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниялардан, турак жай-сактык кредиттик компаниялардан» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «2.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 иш күнүнөн кечиктирбестен Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке банкка банк ишин жүргүзүүгө лицензия, жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия, турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилгендиги жөнүндө маалымдайт.»;

- 2.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2.7. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төгүмдөрү «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген максаттуу маанилерге жетишүү үчүн банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызы деңгээлинде белгиленет»;

 - 2.12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

 - 2.14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2.14. Жаңыдан түзүлгөн банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн биринчи календарлык төгүм банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасын 1/360ка, жылдык 0,2 пайызга жана банк, микрофинасылык компания жана турак жай-сактык компания депозиттерди коргоо системасына кабыл алынган күндөн тартып эсептешүү кварталы аяктаганга чейин калган күндөрдүн санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.»;

- 2.15-пункту «банктар» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.17-пунктунда:

биринчи абзацы «төмөндө келтирилген чаралардын» деген сөздөрдөн мурда «төгүмдөргө карата» деген сөздөр менен толукталсын;

1-пунктчасындагы «банктын депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызы» деген сөздөр «ушул Жобонун 2.7-пунктунда белгиленген» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункчасындагы «банктын өткөн жыл ичиндеги төгүмдөрүнүн» деген сөздөр «өткөн жылдагы төгүмдөрдүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2.18-пункту «Банктар» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.19-пункту «банктарды» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компанияларды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды» деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.20-пункту «банктарга» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3.1-пункту «Катышкан банктар» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышкан микрофинансылык компаниялар, катышкан турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3.2-пункту «катышуучу банктар» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компаниялар, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялар» деген сөздөр менен толукталсын»;

3.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3.4. Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү катышуучу банк, катышуучу микрофинансылык компания, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компания ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө төлөшөт, ал эми катышуучу банк, катышуучу микрофинансылык компания, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компания төгүмдү төлөбөгөн же толук төлөбөгөн учурда акцепттик эмес тартипте эсептен чыгарылат, бул  Депозиттерди коргоо боюнча агенттик менен катышуучу банктын, катышуучу микрофинансылык компаниянын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Төгүмдү акцепттик эмес тартипте эсептен чыгаруу мүмкүн болбогон учурда катышуучу банктын, катышуучу микрофинансылык компаниянын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниянын карызынын суммасына «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте үстөк эсептелет.»;

- 3.5-пункту «банк-катышуучусу» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компания, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3.6-пункту «Банктын» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:

аталышы «Банктын» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

биринчи абзацы «Банк» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацы «Банктардын» деген сөздөн кийин
 «, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө
 нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы жана 1-пункту:

«катышуучу банкынын» деген сөздөрдөн кийин «, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын» деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускамада:

- аталышы «катышуучу банкынын» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын» деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктундагы «аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын (мындан ары - банк)» деген сөздөр «аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банктарынын (мындан ары – банк), катышуучу микрофинансылык компанияларынын (мындан ары – МФК), катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларынын (мындан ары – ТСКК)» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 2-пункту:

«Банк» деген сөздөн кийин  «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«үчүн банктын» деген сөздөрдөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«мүчөлүк акысынын» деген сөздөрдөн мурда «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

мамлекеттик тилдеги текстиндеги «Аманаттарды коргоо» деген сөздөр «Депозиттерди коргоо» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- II главасынын аталышы “Банктын” деген сөздөн кийин«, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 3-пункту:

«Банктардын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«толтурулуучу банктын» деген сөздөрдөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 4-пункту «Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 5-пункту:

«Банк» деген сөздөн кийин «, МФК, ТЖКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын; 

- 6-пункту “Банктын” деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 7-пункту «Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 9-пункту:

«банкка» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«отчет банктын» деген сөздөрдөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 10-пункту «Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 11-пункту:

«Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген абревиатуралар менен толукталсын;

«жетекчисинин» деген сөздөн мурда «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 12-пункту:

«Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«банк» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«(банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«дареги» деген сөздөн мурда «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«отчетуна» деген сөздөн мурда «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«банкта» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 13-пункту:

«Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

«директорлор кеңеши» деген сөздөрдөн мурда «тиешелүү түрдө» деген сөздөр менен толукталсын;

«банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 17-пункту:

«банктагы» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

«Мында графалардын саны көбөйүшү мүмкүн жана банктын, МФКнын, ТСККнын депозиттик эсептеринин болушуна жана санына  жараша толтурулат.»; 

- 20-пункту «Банкта» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 21-пункту «банктагы» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 22-пунктунун биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтары «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 23-пункту «банкка» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 26-пунктунун биринчи абзацындагы «Аманаттын (депозиттин) өлчөмү» деген сөздөр «Депозиттин өлчөмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 28-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 29-пункту «банктар» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 30-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 32-пункту «банкта» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 33-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- IX главанын аталышы «банктардын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- 43-пункту «банк» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

аталышы «катышуучу банкынын» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын» деген сөздөр менен толукталсын;

1-пункту «катышуучу банкы» деген сөздөрдөн кийин «, катышуучу микрофинансылык компаниясы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясы» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:

тиркеменин аталышы «катышуучу банкы» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компаниясы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясы» деген сөздөр менен толукталсын;

биринчи сабы «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

1-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

7-пункту «Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

«Коммерциялык банктын» деген сөздөрдөн кийин «, МФК, ТСКК» деген абревиатуралар менен толукталсын;

«эгерде банкта» деген сөздөрдөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемесинин таблицасынын биринчи мамычасындагы 1-сабындагы «Аманаттын (депозиттин) өлчөмү» деген сөздөр «Депозиттин  өлчөмү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 4, 5, 6 жана 7-тиркемелери «Банктын» деген сөздөн кийин «, МФК, ТСКК» деген аббревиатуралар менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 298  «Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жободо:

- 8-пунктунун биринчи абзацы «банкта» деген сөздөн кийин

 «, микрофинансылык компанияда, турак жай-сактык кредиттик компанияда» деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

- 15-пункту «банктын» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:

мамлекеттик тилдеги текстиндеги преамбуладагы «Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр «Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пункту «катышуучусу болгон банк» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучусу болгон микрофинансылык компания, катышуучусу болгон турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын;

2-пунктунун 1-пунктчасы «банктын» деген сөздөн кийин
 «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

3-пунктунда:

1-пунктчасы «банктын» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

7-пунктчасы «банктык» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

5-пунктунун 1-пунктчасы «банктын» деген сөздөн кийин
 «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын; 

жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин 1-тиркемеси:

«проценттердин банк» деген сөздөрдөн кийин «, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания» деген сөздөр менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
 21-сентябрындагы № 567 «Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги текстиндеги аталышындагы жана
 1-пунктундагы «Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги»  деген сөздөр «Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жободо:

- мамлекеттик тилдеги текстиндеги аталышындагы, 1 жана
 4-пункттарындагы «Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр «Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункту:

- «коммерциялык банктардын» деген сөздөрдөн кийин
 «, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын;

- мамлекеттик тилдеги текстиндеги 5-пунктундагы, 8-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы, 9-пунктунун экинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы, 17-пунктунун экинчи абзацындагы,
 21-пунктунун онунчу абзацындагы “Аманаттарды коргоо» деген сөздөр «Депозиттерди коргоо» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктунун алтынчы абзацы «банкты» деген сөздөн кийин
 «, микрофинансылык компанияны, турак жай-сактык кредиттик компанияны» деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктунда:

үчүнчү абзацы «банк-катышуучулардын» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компаниялардын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардын» деген сөздөр менен толукталсын;

жетинчи абзацы «банк-катышуучулардан» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компаниялардан, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардан» деген сөздөр менен толукталсын;

сегизинчи абзацы «банк-катышуучуларындагы» деген сөздөрдөн кийин «, катышуучу микрофинансылык компанияларындагы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларындагы» деген сөздөр менен толукталсын;

он биринчи абзацы «банктан» деген сөздөн кийин
 «, микрофинансылык компаниядан, турак жай-сактык кредиттик компаниядан» деген сөздөр менен толукталсын»;

- 10-пунктунда:

төртүнчү абзацы «банкка» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын;   

алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- катышуучу банктардан, катышуучу микрофинансылык компаниялардан, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардан депозиттерди коргоо системасы жана алардын банк, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан аманатчыларга «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган формада жана тартипте кызматтар көрсөтүлүүчү аймакта депозиттерди коргоо системасына катышуусу тууралуу маалыматты жайгаштырууну талап кылуу;»;

жетинчи абзацы «банктын» деген сөздөн кийин «, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын» деген сөздөр менен толукталсын;

тогузунчу абзацы «банк-катышуучуларга» деген сөздөрдөн кийин
 «, катышуучу микрофинансылык компанияларга, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларга» деген сөздөр менен толукталсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу