Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 36-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги» бөлүмүндө:
бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги»;
«Уруксат берүү үчүн негиз (ченемдик укуктук актынын аталышы)» графасынын 2 жана 3-пункттарындагы «Мыйзамы» деген сөздөн кийин
«, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөр менен толукталсын;
«Аталышы» графасынын 3-пунктундагы «Жыштык» деген сөз «Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев