2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө
Орто мөөнөттүү мезгилге макроэкономикалык өнүктүрүү параметрлерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүдө 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын макроэкономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген параметрлерин негиз катары алсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- орто мөөнөттүү программаларды жана өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууда 2020-2022-жылдарга макроэкономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген параметрлерин негиз катары алышсын;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга мониторингди ар айлык негизде жүргүзүшсүн жана 2019-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлүүчү максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга мониторингдин жыйынтыктарын квартал сайын жалпыласын жана 2019-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлүүчү максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчёттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен берип турсун;
- 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын.
5, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 393 “2019-2021-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев