КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтому

Соттук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 “Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жободо:

-  12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи абзац менен толукталсын:

“- компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу.”;

-  16-пунктунда:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- өз компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жаза берет, ал эми зарыл болгон учурда материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.”;

жетимиш биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- аскер комиссариатындагы аскердик жана эмгек тартибинин абалына дайыма талдоо жүргүзүүгө жана кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын, окуялардын, аскер тартибин бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жеке курамдын арасында өлүмгө жана жаракатка дуушар болуу учурларын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө; баш ийгендер тарабынан жасалган бардык кылмыштар, жоруктар, бузуулар, окуялар жана аскер тартибин бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик уставдарынын талаптарына ылайык команда боюнча билдирүүгө;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 “Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

-  33-пунктунун “е” пунктчасындагы “кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүсү ” деген сөздөр “кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө  билдирүүсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-  57-пунктунун “к” пунктчасындагы “администрациялык жоопкерчиликке” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-  67-пунктунун экинчи абзацындагы “администрациялык жоопкерчиликке” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 “Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү жөнүндө жободо:

-  46-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- аларга карата кылмыш иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан, ошондой эле кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш сот тарабынан каралып жаткан адамдардын;”;

-  48-пунктунун “г” пунктчасындагы “администрациялык жоопкерчиликке” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-  54-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик чараларын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-  55-пунктунун экинчи абзацындагы “административдик жаза” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) жободо:

-  48-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Аскердик жыйындарды өтүү убагында жаракат, контузия, майыптык алган, бирок аларга карата ушул жаракатына, контузиясына, майыптыгына байланыштуу кызматтык иликтөө же болбосо кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан, ошондой эле кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш сот тарабынан каралып жаткан аскерге милдеттүүлөрдү медициналык күбөлөндүрүүдө, себептик байланышы жөнүндө АДК токтому кабыл алынбайт. Аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу менен жаракат, контузия, майыптык алуунун себептик байланышы жөнүндө маселе ушул пунктка ылайык кызматтык иликтөө жүргүзүүдөн, ошондой эле кылмыш ишинин же жоруктар жөнүндө иштин жыйынтыгынан кийин жана укук коргоо же сот органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди эске алуу менен   чечилет.”;

- 129-пунктунун жетинчи абзацындагы “административдик же кызматтык иликтөөлөрдүн материалдары, алдын ала тергөө же кылмыш-жаза иши” деген сөздөр “кызматтык иликтөөнүн, кылмыш ишинин же жоруктар жөнүндө иштин материалдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 800 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жободо:

- 65-пункту “Кылмыш иштери” деген сөздөрдөн кийин “же жоруктар жөнүндө иштер” деген сөздөр менен толукталсын;

- VII главанын аталышы “Кылмыш иштери” деген сөздөрдөн кийин “, жоруктар жөнүндө иштер” деген сөздөр менен толукталсын;

- 74-пункту “Кылмыш иштери” деген сөздөрдөн кийин “же жоруктар жөнүндө иштер” деген сөздөр менен толукталсын;

- 76-пункту “кылмыш ишин” деген сөздөрдөн кийин “жана (же) жоруктар жөнүндө ишти” деген сөздөр менен толукталсын;

- 78-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 95-пунктунун “б” пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Изилденүүчү кылмыш иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча жабырлануучулар же күбөлөр болгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын запаска бошотуу ушул Жобонун 74-пунктунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.”.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 “Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибинде:

-  30-пунктунун экинчи абзацындагы “кылмыш ишин козгоодон баш тартылган учурда” деген сөздөр “кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүш токтотулган учурда” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу