КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 токтому

Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө

«Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарынын реестрлерин жана башка маалыматты түзүү, жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органга берүү, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;    

- Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети алты айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыгышсын жана биргелешкен буйрук менен бекитишсин:

- квалификацияланган сертификаттардын формасына карата талаптар;

- электрондук колтамга каражаттарына жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарына карата талаптар;  

- электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын «Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо тууралуу жобонун долбоору.  

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

«13. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети».

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин. 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо суралсын.

6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы ушул токтомдун 5-пунктунда аталган маселе каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                 М.Д.Абылгазиев