Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 19-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 «Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте» деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарында:
- 34, 37-42, 46-49-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 45-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«45. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун маалыматтык системасын өндүрүштүк эксплуатациялоодо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун маалыматтык системасынын кибер коопсуздук окуяларына мониторинг жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын информациялык технологиялар жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана (же) кибер коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компьютердик инциденттерге чара көрүү кызматынын (бөлүмүнүн) кибер коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү системасына берүү камсыз кылынат.».
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев