КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтому

Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын түзүү жана жарандар менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын оператору болуп аныкталсын.  
  3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга Техникалык тапшырманы иштеп чыксын жана бекитсин.  
  4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы бекитилген Техникалык тапшырмага ылайык электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыксын.  
  5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы  № 340 «Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга финансы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыз кылсын;

- жыл сайын электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан көрсөтүлүүчү өлчөмдө «субсидиялар» беренеси боюнча жалпы мамлекеттик иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                 М.Д.Абылгазиев