“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы” дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө
“Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы” дарылоо мекемеси түзүлсүн, жайгашкан дареги: Бишкек шаары,
Сельповская көчөсү, 76.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы” дарылоо мекемеси жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-штаттык
иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы “дарылоочу мекемелеринде,” деген сөздөр алып салынсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев