Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) III бөлүмүндө:
- 69-бабы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 70-бабы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 71-бабы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 72-бабы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 73-бабы ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2) V бөлүмүндө:
- 40-бабы ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 41-бабы ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 42-бабы ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев