2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген “Биримдик, ишеним, жаратмандык” 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;
- 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылсын жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Стратегияны ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үчүн тийиштүү жылдарга каралган каражаттын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев