КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтому

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

  - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

  - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 “Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 “Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                М.Д.Абылгазиев