КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 42 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212, 239, 2515 жана 375-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү  тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:

1) 26-пунктунун эскертүүсүнүн 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1)  салык  салынуучу   жеткирүүлөргө – Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдын 4-ноябрындагы  № 569  токтому  менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине ылайык эсеп-фактураны;”;

2) 381-пунктка эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Эскертүү. Бул уяча ата мекендик өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүчү салык салынуучу субъект тарабынан толтурулат. 067-уячанын мааниси 066-уячанын маанисинен аз же барабар болушу мүмкүн. Эгерде 066-уячанын мааниси терс болсо (минус белгиси менен), анда 067-уячада “0” цифрасы көрсөтүлөт. Эгерде 067-уячанын мааниси 066-уячанын маанисине барабар же көп болсо, анда 066-уячага барабар маанини көрсөтүү керек.”.

3) 45-пунктунун 4-пунктчасынын таблицасында:

- “100-199 “Салык салынуучу жеткирүүлөр” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 126 жана 127-позициялар менен толукталсын:

126

ЭЭЗ субъектиси болуп саналбаган субъекттин өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектисине жеткирүү (ставкасы“0”)

126

ЭЭЗ субъектиси болуп саналбаган субъекттин өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектисине жеткирүү (ставкасы “0”)

”;

- “200-299 “Бошотулган жеткирүүлөр” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы  230 жана 231-позициялар менен толукталсын:

230

Салык төлөөчү тарабынан айыл чарба канаттуулары жана балыктар үчүн өндүрүлгөн тоюттарды айыл чарба канаттууларын жана балыктарды көбөйтүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарбасын өндүрүүчүгө жеткирүү 

231

Жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирүү

”;

4) 55-пунктунун 4-пунктчасы  ““101”,” цифрасынан кийин ““102”,” цифрасы менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 “Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 4-тиркеме “Салыктан бошотулган пайда” (FORM STI-101-004) Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасына карата ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 118-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“118. 455-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин  212-беренесине ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объектилерин эксплуатацияга киргизген күндөн тартып 5 жылдын ичинде пайда салыгынан бошотулган, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы көрсөтүлөт.”.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                             М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу