Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалыматтарды, мүлк объекттери жана/же жер участоктору боюнча маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи – онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 «Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктундагы «Салык отчетунун» деген сөздөр «Отчеттордун» деген сөз менен, «маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн» деген сөздөр «салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун жетинчи – тогузунчу, он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.