КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 33 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин иретке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо  органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы жана 1-пункту “мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына” деген сөздөрдөн кийин “жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине” деген сөздөр менен толукталсын;

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин иретке келтирүү максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана “Кыргыз Республикасынын укук коргоо   органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”

- 2-пункту “мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо   органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө жобого:

- аталышы “мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына” деген сөздөрдөн кийин “жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине” деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Турак жайды убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация (мындан ары - акчалай компенсация) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына (мындан ары - аскер кызматчылары) жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары – кызматкерлер) эгерде аларды турак жай (жашоо аянты) менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болбосо, ошондой эле чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турак жай (жашоо аянты) жок болсо төлөнөт.”;

- 2-пункту “Аскер кызматчыларына” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлерге” деген сөз менен толукталсын;

- 3-пунктундагы “Аскер кызматчылары” деген сөздөр “Аскер кызматчылары/кызматкерлер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунда:

биринчи абзацы “Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде кызмат өтөтөгөн аскер кызматчылары,” деген сөздөрдөн кийин “укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлер,” деген сөздөр менен толукталсын;

1-пунктчасы “аскер кызматчысы” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкер” деген сөз менен толукталсын;

2-пунктчасындагы “ошондой эле мурдагы аскердик кызмат өтөгөн жери” деген сөздөр “, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жери, ошондой эле мурдагы аскердик кызмат, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жери” деген сөздөр менен толукталсын;

3-пунктча төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

“3) кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан аскер кызматында,  укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жерде аскер кызматчысынын/кызматкердин жана аны менен чогу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик турак жайы жоктугу тууралуу маалымкат;”;

4 жана 5-пунктчалары “аскер кызматчысынын” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкердин” деген сөз менен толукталсын;

- 5-пункту “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлер” деген сөз менен толукталсын;

- 6-пункту “аскер кызматчысы” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкер” деген сөз менен толукталсын;

- 7-пунктунда:

биринчи абзацы “Аскер кызматчыларына” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлерге” деген сөз менен толукталсын;

экинчи абзацы “Мындай учурда аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлер” деген сөз менен толукталсын;

үчүнчү абзацы “окууда жүргөн аскер кызматчыларын” деген сөздөрдөн кийин “/кызматкерлерди” деген сөз менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу