Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кылмыштарды жана жоруктарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыздоо, мамлекеттик статистикалык байкоо формаларында кылмыштуулуктун абалы женүндө маалыматтарды бирдиктүү жана толук чагылдыруу, ошондой эле кылмыштарды жана жоруктарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принцибин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 150-беренесинин талаптарына ылайык, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестри жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;
- кабыл алынган соттук чечимдер, кылмыштар жөнүндөгү жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндөгү иштердин жүрүшү тууралуу маалымат менен өз ара алмашуу жаатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенууну уюштуруу.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Жобону ишке ашырууга багытталган чараларды көрүү сунушталсын.
4. Жазык иштери жана жоруктар женундегу иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам-издее ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары эки айлык мөөнөттө:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунда:
- биринчи абзацы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацы “мамлекеттик ишкананын” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4-пунктунда “мамлекеттик ишкананын,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- кылмыштарды жана жоруктарды, ошондой эле аларды жасаган адамдарды эсепке алуу боюнча автоматтык маалымат системасын иштеп чыгуу, киргизуу жана коштоо менен байланышкан жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда.”;
- 5-пункту “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чектеринде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
7. Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эсепке алуу китеби, журналдар жана башка бланктык продукция ушул токтомдун 4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан даярдала тургандыгы белгиленсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1 -январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев