Кыргыз Республикасынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды тиркелген тизмеге ылайык ташып чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына маалымат жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды кабыл алсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев