Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 “2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 “2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
4-главасында:
- 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4.1. Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоонун механизмдерин аныктоо жана иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоо боюнча маселелерди чечүү максатында төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылууга тийиш:
1) ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоого укук берген келишимге кол коюу үчүн ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий иштеп чыккандар менен байланыш түзүү;”;
2) мамлекеттик тилге ЧОИ үчүн ФОЭСти которуу боюнча жана иштеп чыккандар белгилеген жол-жоболорду жүргүзүүгө расмий уруксат алуу;
3) ЧОИ үчүн ФОЭСти мамлекеттик тилге которуу жана аларды расмий жарыялоо.”;
- 4.2-пунктунда:
2-пунктчасындагы “аудитордун көз каранды эместигине шек туулган учурларда гана” деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.3-пунктунда:
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- аудиттин сапатын контролдоо боюнча функцияларды өзүн жөнгө салуучу уюмдарга өкүлдөө боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыксын.”;
1-пунктчасындагы “кесиптик” деген сөз “өзүн жөнгө салуучу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.4-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) Кыргыз Республикасынын жождорунун окуу стандарттарына билим берүүнүн эл аралык стандарттары киргизилсин.”;
- 4.5-пунктунда:
биринчи абзацы “коомдук реестрин түзүү” деген сөздөрдөн кийин “боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу” деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацындагы “киргизүү” деген сөз “”иштеп чыгуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы “жана жөнгө салуучулук таасирдеги талдоо” деген сөздөр алып салынсын;
4 жана 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Бул Стратегиянын кабыл алынышына байланыштуу финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында финансы жана бизнес чөйрөсүндө иштеген журналисттер менен айрым иштер жүргүзүлүшү керек; ФОЭСтин жана ЧОИ үчүн ФОЭСтин негизинде сапаттуу корпоративдик финансылык отчеттуулуктун артыкчылык маселелери боюнча, капиталдын наркын төмөндөтүү, инвестициялык ишенимди жогорулатуу жана өлкөнүн бүткүл экономикасын чыңдоо бөлүгүндө компаниялардын жетекчилери жана менеджерлери үчүн практикалык сабактарды жана семинарларды өткөрүү зарыл.”;
- 5-главасындагы “300 млн сом өлчөмүндөгү” деген сөздөр алып салынсын;
- 6-главасынын биринчи абзацындагы “чет өлкөлүк” деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев