Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген диплом жана сертификаттын, дипломго жана сертификатка жетишүүнүн жыйынтык бааларынын көчүрмөлөрүнүн үлгүлөрү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев