КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 588-токтому

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун айрым түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду кармоо режиминин түрүн өзгөртүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү түзөтүү мекемелериндеги соттолгондорду кармоо режиминин түрү күчөтүлгөндөн жалпыга өзгөртүлсүн:

-      Чүй облусунун Жайыл районунун Петровка айылында жайгашкан № 8;

-       Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан № 10;

-        Чүй облусунун Аламүдүн  районунун Молдовановка айылында жайгашкан № 27.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемелер жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;

-    ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемелердин штаттык санын жана түзүмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын штаттык санынын чегинде бекитсин.

Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына республикалык бюджеттен тийешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу