Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы “инженердик-коргоочу курулмаларды” деген сөздөрдөн кийин “капиталдык” деген сөз алып салынсын;
- 8-пунктунда:
бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “капиталдык” деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү – он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
“- материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздайт, ошондой эле табигый кырсыктардын натыйжасында бузулгандардын ордуна калыбына келтирилип жана кайра курулуп жаткан объекттер үчүн жабдууларды жана механизмдерди сатып алуу жана монтаждоо (орнотуу) иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасы менен тиешелүү макулдашуусу бар мамлекеттердин чек арага чектеш аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
- коргоочу инженердик курулмалардын долбоорлорун экспертизадан өткөрөт;
- авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгат.”;
- 9-пунктунун төртүнчү абзацындагы “капиталдык” деген сөз алып салынсын;
- 10-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Департаменттин башкы бухгалтери кызмат ордуна Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”;
11-пунктунун экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин тескөөчү орун басарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жободо:
- 6-пунктундагы “Ж. Бөкөнбаев көчөсү, 182” деген сөздөр “А. Токтоналиев көчөсү, 2/1” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- өзгөчө кырдалдардын кесепеттерин жоюу боюнча издеп-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштердин комплексин жүргүзүү.”;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- өзгөчө кырдалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткарат;
- Кыргыз Республикасы менен тийиштүү макулдашуусу бар башка мамлекеттердин аймагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
- селден, суу ташкындарынан жана башка өзгөчө кырдаалдардан калктуу конуштарды жана объекттерди коргоону камсыздоочу иш-чараларды жүргүзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, кырсык болгон учурда жардам көрсөтүү менен байланышкан көйгөйлөр жаатындагы эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат, ушул багыттагы эл аралык тажрыйбаны иликтөөнү, жалпылоону жана жайылтууну уюштурат;
- мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча инженердик превентивдүү жана жоюу иш-чараларын уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарында ыкчам чара көрүү, авариялык- калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзөт;
- ыкчам жеткирүү жана издеп-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармайт;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарында техникаларды жеткирүү жана иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдардын кол тийгис запасын түзөт.”;
- 13-пунктунда:
экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин тескөөчү орун басарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацындагы “түзүмдүк бөлүкчөлөр (башкармалыктар, бөлүмдөр, кызматтар) жөнүндө” деген сөздөр “бөлүмдөр (секторлор) жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
4-пунктундагы “794” жана “3970” деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша “853” жана “3911” деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн;
2) ушул токтомду бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев