Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 40 жана 41-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүшсүн;
- ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн.
4. Бузуулардын бирдиктүү реестрин 2020-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берсин.
5. Жогоруда аталган Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон журналдарды, эсепке алуу китептерин жана башка бланктык продукцияны даярдоо ушул токтомдун 3-пунктунда аталган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев