«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун бекитүү жөнүндө
Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 2020-жылы айыл чарба жумуштарын өз убагында өткөрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген
2018-2022-жылдардагы мезгилде «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 1 250 000 000,0 (бир миллиард эки жүз элүү миллион) сом суммасындагы каражатты «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун ишке ашырууга караштырсын, анын ичинде:
- «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга пайыздык ставкаларды субсидиялоого 250 000 000,0 (эки жүз элүү миллион) сом бөлүп берсин;
- «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна (мындан ары - «Айыл Банк» ААК) 500 000 000,0 ( беш жүз миллион) сомду жана «РСК Банк» ачык акционердик коомуна (мындан ары - «РСК Банк» ААК) 500 000 000,0 (беш жүз миллион) сомду төмөнкү шарттарда кредит берүү үчүн бөлүп берсин:
ири айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 3,5 пайыз, кийин ушул чарбаларга жылына 8 пайыз менен кайра кредит берилет;
- айыптык санкциялар - жылына 7 пайыз, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин карызды жоюунун мезгилдери - жарым жылда бирдей үлүштөр менен;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдери - жарым жылда бирдей үлүштөр менен, жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - кредиттик портфель;
тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн;
- пайыздык ставка - жылына 1,5 пайыз, кийин ушул ишканаларга жылына 6 пайыз менен кайра кредит берилет (тиркемеге ылайык);
- айыптык санкциялар - жылына 3 пайыз, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин карызды жоюунун мезгилдери - жарым жылда бирдей үлүштөр менен;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдери – ар бир жарым жылда бирдей үлүштөр менен, жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 5 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - кредиттик портфель;
2) «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3) «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун ишке ашырууда катышкан коммерциялык банктар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
4) 2020-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидияларды каржыласын, ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун кийинки жылдары (субсидиялардын экинчи жана үчүнчү траншы) каржылоону караштырсын.
3. «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун тең каржылоо максатында төмөнкүлөргө өздүк эсептен каражат бөлүү сунушталсын:
- 300 000 000 (үч жүз миллион) сом – «Айыл Банк» ААК;
- 300 000 000 (үч жүз миллион) сом – «РСК Банк» ААК;
чакан айыл чарба өндүрүүчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга кредит берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлгөн кредиттик аукциондорго катышуу аркылуу финансы каражаттарын тартуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) менен бирдикте «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев