Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13 жана 14-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 2020-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрине «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук түрдө жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик маалыматтык ресурстардын ээлери болушкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестринде каттоого тиешелүү өтүнмөлөрдү берүүнү камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик транформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев